Элдик дарыгер элди алдаганбы? (видео)

714

Табып Хашим Зайналиевдин ишмердүүлүгүн ички иштер министри менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы текшерет. Саламаттыкты сактоо министрлиги жаңжалдары менен таанылган табыпка карата чара көрүү өтүнүчү менен баардык күч түзүмдөрүнө кайрылган болчу. Буга Онкология борборуна 5 жашар кыздын оор абалда түшүүсү себеп болгон. Бөбөктү ага чейин Зайналиев дарылаганы айтылууда.

Саламаттыктык сактоо министрлиги оор илдетке кабылгандарды өз алдынча дарылаган жана медициналык билими жок Хашим Зайналиевке чара көрүү өтүнүчү менен тиешелүү органдарга буга чейин да бир канча жолу кайрылган. Эки жолу кылмыш иши козголуп, бирок кийин жабылып калган болчу.