Элдик курултай кандай ыйгарым укуктарга ээ болот? (видео)

1417

Эртең парламент конституциянын жаңы редакциясынын долбоорун кароого киришет. Учурда документ көз карандысыз эксперттер, юристтер тарабынан талкууга алынып, ар кандай пикирлер менен кошо сунуштар айтылууда. Баш мыйзам кабыл алынса, өлкөдө Элдик курултай жаңы институту пайда болот.

Анын курамына миңдей адам кириши ыктымал. Бирок учурда бул коомдук жыйынга кимдер мүчө боло алат деген суроо курч турат. Каалагандардын саны көп. Электен кимдер өткөрөт?