Элдик курултай түшүнүгү кайрадан киргизилди (видео)

2409

Баш мыйзамдын жаңы редакциясынын долбоору 17-февралда Жогорку Кеңеш тарабынан карала баштайт. Бул тууралуу жалпы жыйындын жүрүшүндө төрага Талант Мамытов билдирди. Кечээ коомдук талкууга чыгарылган Конституциянын жаңы редакциясында мурда жоюлуп кеткен же жаңыдан пайда болгон орган жана кызматтар бар.

Алсак, өкмөт башчы эми министрлер кабинетинин төрагасы деп аталат. Мындан тышкары, 10 жыл мурда жоюлуп кеткен мамлекеттик катчы кызматы кайрадан киргизилүүдө. Конституциянын жаңы долбоорунда дагы кандай өзгөрүүлөр бар?