Элдик оозеки чыгармалар камтылган 40 томдук китеп жарык көрдү

3595

40 томдукка бардык кенже эпостор жана жети облустан чогултулган фольклордук материалдар киргизилген.

Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясы кабарлады. Маалыматка ылайык, «Эл адабияты»сериясынын 40 томдугунун жана “Классикалык изилдөөлөр” сериясынын эки томдук китептеринин бет ачаары 5-мартта болуп өттү.

Жарык көргөн китептерде «Манас» эпосуна байланыштуу эмгектер, фольклордун проблемаларына арналган материалдар, акындар чыгармачылыгына байланыштуу жана кесипкөй адабиятка тийиштүү изилдөөлөр камтылган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.