Элдик толкундоолор: жарандарга ок чыгарууга ким буйрук берген? (видео)

3242

5-6 октябрдагы элдик толкундоолор учурунда жарандарга карата ок чыгарууга кайсы жетекчи буйрук берген? Бүгүнкүгө чейин бул боюнча бир дагы аткаминерге расмий түрдө айып тагыла элек. Учурда мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен УКМКнын экс-төрагасы Орозбек Опумбаев изделип жатыптыр.

Бул тууралуу Баткен областына иш сапары менен барган президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров билдирген. Ал ок атууга буйрук бергендер жазаланарын кошумчалады. 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулунун өлүмү үчүн ким жооп берет?