Элечек сандыкта эле сакталбай эл арасында баркталышы керек! (видео)

1361

Ушундай чакырык алдында Бишкекте беш күндөн бери акция өткөрүлүүдө. Ага азыр 23 айым катышып, жумушка, дүкөнгө барса дагы, көчөгө чыкса дагы элечекти башынан түшүрбөй кийип жүрүшөт. Мындай көрүнүшкө айрымдар таң калышса, көпчүлүгү улуттук баш кийимдин даңазаланып жатканын кубатташууда. Бул акцияны өткөрүү демилгеси коомдук ишмер Айжан Акылбековага таандык. Ал элечек тарыхый буюм катары сакталбастан, күнүмдүк турмушта колдонулушу керек деген максатта элечек долбоорун баштаган. Учурда бул акцияга белгилүү ишмерлерден тарта активдүү катышып жатышат.