Электр энергияны жыл сайын кымбаттатуу сунушталууда (видео)

3372

Быйыл 1-сентябрдан тарта электр энергиясына болгон баанын кымбаттоосу күтүлүүдө. Министрлер кабинети электр энергиясы боюнча тариф саясатынын жаңы токтомун коомдук талкууга чыгарды. Ага ылайык, 1 кВт/саат 35 тыйынга кымбаттап, 1 сом 9 тыйынды түзүп калат экен.

Буга кошумча өкмөт жарыктын баасын жыл сайын жогорулатууну пландап жатыптыр. Бирок ал арада мындай кымбаттоону карапайым калк көтөрө алабы деген да суроо курч турууда. Электр энергияга болгон бааны жогорулатуу менен энергетика тармагындагы кризистен чыгып кетүүгө мүмкүнбү?