Электр энергиясы кымбаттайбы? (видео)

938

Электр энергиясынын баасын чукул арада көтөрүү керек. Мындай сунушту өкмөт мүчөлөрү айтышууда. Алардын пикиринде, учурдагы тариф менен энергетика тармагын жаңылоого мүмкүн эмес. Анын үстүнө, өткөн жылдан баштап энергосекторду өнүктүрүү үчүн мурда алынган тышкы карыздарды төлөөнүн мөөнөттөрү келген. Бирок тармакта чогултулган каражат менен насыяларды төлөмөк турсун, күнүмдүк чыгымдар араң жабылып жатат, дешет өкмөт өкүлдөрү. Ошол эле убакта, бул сунушка караманча каршы чыккандар арбын. Айтымдарында, бул маселеде коомчулуктун пикирин жана жашоо деңгээлин сөзсүз эске алуу зарыл. Айрымдары болсо, тариф саясатын карап чыгуудан мурда тармактагы ар кандай коррупциялык мүмкүнчүлүктөргө бөгөт коюу керектигин билдиришүүдө.