Электр энергиясын үнөмдөө үчүн өчүрүүлөр болобу? (видео)

1358

Өлкөдөгү электр энергиясын бөлүштүргөн 4 ири компания бир ишканага бириктирилет. “Кыргыз энергетикалык бөлүштүрүү” мекемесин үзүү менен 1 миллиард сом үнөмдөө мүмкүн экени белгиленүүдө. Бирок учурдагы 4 бөлүштүрүүчү компания тең, акционердик коом болгондуктан, мындай кадамга алардын да макулдугу зарыл.

Ал арада коомчулукта кышында өчүрүүлөр болобу деген суроо көп берилүүдө. Улуттук энергохолдинг компаниясынын жетекчилиги болсо атайын чектөөлөр болбой турганын, бирок электр энергиясын үнөмдөө керектигин эскертүүдө.