Электр энергиясына баа көтөрүлөбү? (видео)

731

Быйыл жыл башында Бишкек ТЭЦинде болгон аварияга байланыштуу электр энергиясынын баасы көтөрүлбөйт. Бул тууралуу отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу агенттигинин жетекчиси Таалайбек Нурбашев парламенттеги социал-демократтар фракциясынын отурумунда билдирди. Бирок кийинки жылы кыска мөөнөттүү тариф саясаты иштелип чыгуусу күтүлүп жатыптыр. Анда электрэнергиясын кымбаттатуу каралган.

Өкмөт өкүлдөрү парламентте күз-кыш мезгилине даярдык тууралуу маалымат беришти. Алардын айтымында, министрлер кабинети кыштан кырсыксыз чыгууга 100 пайызга даяр экен. Бирок тиешелүү жетекчилердин берген жоопторуна депутаттардын көпчүлүгү канааттанбай жатты.