«Электр станциялары» ишканасынын экс-жетекчиси Салайдин Авазов кармалды

1809

Бишкек Жылуулук электр борборундагы аварияга байланыштуу кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад шаарынын мэри, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана аталган мекеменин башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров шектүү катары кармалышты. Экөө тең УКМКнын тергөө абагына камалып, тергөө иштери улантылууда.

Эске салсак, быйыл январда Бишкектин Жылуулук электр борборунда авария болуп, шаар 5 күн жылуулуксуз калган. Бул окуядан кийин бир жыл мурда модернизацияланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөп, ага кеткен 386 миллион доллардын сарпталашы боюнча суроолор жаралган.

Учурда Бишкек Жылуулук электр борборундагы аварияга байланыштуу ачылган 2 кылмыш ишинин алкагында Бердибек Боркоев, Алмаз Жусупбеков, Узак Кыдырбаев жана Темирлан Бримкуловдор тергөө абагында отурушат.