«Электр станциялары» ишканасынын техникалык директору камакка алынды

720

«Электр станциялары» ишканасынын техникалык директору Алмаз Жусупбеков кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, ал Бишкек Жылуулук электр борборун оңдоого бөлүнгөн акчанын уурдалышы боюнча шектелүүдө.

Эске салсак, өткөн аптада эле «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Бердибек Боркоев камакка алынган болчу. Январдын соңунда Бишкек жылуулук электр борборундагы авария боюнча УКМК кылмыш ишин тергөө маалында ТЭЦти оңдоп-түзөөгө бөлүнгөн каражат дарегине жетпей калганы аныкталган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө «Электр станциялары» ишканасынын жетекчилери жалган фирмалар менен жасалма келишим түзүп, алардын эсептерине акча которуп турушканы аныкталган. Ал эми оңдоп-түзөө иштери ТЭЦтин өз күчү менен эле жасалган.

Эскерте кетсек, 26-январда Бишкек жылуулук электр борборунда авария болуп, калыбына келтирүү иштери 4 күнгө созулган.