«Электр станциялары» жана ТЭЦти модернизациялоо тобунун жетекчилери кармалды

711

Бүгүн «Электр станциялары» ишканасынын директору Узак Кыдырбаев менен Бишкек ТЭЦин модернизациялоо тобунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалышты.

Мындан тышкары, кылмыш-жаза кодексинин «коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча Бишкек ТЭЦинин, «Электр станцияларынын» жана Улуттук энергохолдингдин дагы башка кызматкерлерине кылмыш иши козголгону кабарланды.

Эске салсак, жыл башында Бишкек жылуулук электр борборунда авария болуп, ишканадагы эски буу казандарга суу берген куур жарылганы айтылган. Бул боюнча Башкы прокуратура тарабынан «шалаакылык» беренесинин негизинде иш козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.

Бишкек ТЭЦиндеги авария боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия да ишин аяктайын деп калды. Ал жакынкы күндөрү өз тыянагын жарыялайт. Анда дагы тиешелүү укук коргоо органдарына бир топ жетекчилердин жоопкерчилигин кароо сунуштамалары берилери белгиленүүдө.