Электр жарыгы кимдер үчүн кымбат, кимдер үчүн арзан болот? (видео)

2537

Электр кубаты боюнча тарифти өзгөртүүгө багытталган токтом долбоору августка чейин коомдук талкууда болот. Азыркы тапта документ иштелип чыгып жатыптыр. Энергетика жана өнөр жай министрлиги сунуштап жаткан концепцияга ылайык, 1 киловатт саатты 74 тыйындан сатып ала турган катмарга 300 миңге жакын үй-бүлө кирүүдө.

Бирок бул тизме мындан дагы узарышы мүмкүн экен. Себеби энергетиктерге жер-жерлерди кыдырып, жеңилдик берилиши керек болгон үй-бүлөлөрдү тактап чыгуу тапшырма берилтир. Сунушталып жаткан жаңы тариф саясатында дагы кандай өзгөрүүлөр бар?