Электр жарыгы кымбаттайт. Себеби эмнеде? (видео)

2173

Өлкөдө электр тарифине болгон баа көтөрүлөт. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинен билдиришти. Адистердин айтымында, учурда электр кубатынын керектөөсү күн санап өсүп жаткандыктан дефицит жаралууда. Ошондой эле жабдыктар дагы эскиргендиктен оңдоого муктаж.

Андыктан тарифти кайрадан карап чыкпаса жакынкы күндөрү бул тармакта авариялар көп катталып ал өчүрүүлөргө алып келиши мүмкүн. Бирок бул сунуш энергетика тармагындагы айрым эксперттер менен элди ойго салууда. Айтымдарында алгач бул тармактагы коррупция жоюлушу керек.