Электр жарыгы өчүп жаткан Ак-Жардын тургундары жолду буушту (видео)

1999

Аламүдүн районунун Ак-Жар конушунун тургундары электр жарыгы өчүп жатканына нааразы болуп, Бишкектин четиндеги айланма жолду бууп салышты. Алар бир топко дейре автомобиль дөңгөлөктөрүн өрттөп, машинелерди өткөрбөй турушту. Жергиликтүүлөр 10 күндөн бери жарыксыз отурушканын айтып жатышты.

Буга кошумча алар турак-жай салынган жер тилкелерди трансформациялоо талабын да коюшууда. Себеби конуш 2005-жылы басып алуу жолу менен пайда болгондуктан, расмий макам берилген эмес. Ал эми жергиликтүү бийлик өкүлдөрү электр трансформаторлоруна күч келип жаткандыктан, кезектеп өчүрүүгө мажбур экенин билдиришүүдө.