Электр жарыгын үнөмдөө үчүн кандай чара көрүү керек? (видео)

3443

Энергетиканы биргеликте сактайбыз. Электр энергиясына болгон кризистен улам учурда социалдык тармактарда дал ушундай аталыштагы флешмоб жүрүүдө. Анда жарандарды жарыкты үнөмдүү пайдаланууга чакырыктар айтылып, бул иш-чарага коомго таанымал адамдар дагы катышууда.

Себеби жалпы абоненттердин тең жарымынан көбүн жарык менен камсыз кылган Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү күн санап азайып, учурда 9,5 миллиард куб метрди гана түзүп калды. Адистер бул көрсөткүч жаз айларында өтө төмөндөп кооптуу чекке жетсе, гидроэлектростанцияда авариялык абал жараларын айтышууда. Анда мажбур түрдө ар кандай чектөөлөр да киргизилиши мүмкүн.