Электр жарыгынан канча үй-бүлөгө жеңилдик берилди? (видео)

8523

Өлкөдөгү аз камсыз болгон үй-бүлөлөр электр энергиясы үчүн арзандатылган тариф боюнча алгачкы дүмүрчөктөрдү ала башташты. Бир тобунун айтымында, буга чейин төлөп келген сумма менен бул сапар бере турган акчанын айрымасы кадимкидей сезилерлик. Бирок, бул жеңилдикти да үнөмдөп пайдалануу зарыл.

Себеби 700 киловаттан ашып кете турган болсо, жаран 50 тыйындан эмес, 2 сом 16 тыйындан төлөөгө милдеттүү болот. Ал эми Энергетика министрлиги болсо субсидияга кеткен чыгымды учурда электр энергиясын 2 сом 52 тыйындан сатып алып жаткан ишканалардан чыгарып алууну көздөп жатыптыр.