Электромобиль, газ менен иштеген унаалар үчүн жеңилдик берүү сунушталууда

1231

Парламентте “Таза аба” долбоору даярдалып, бир нече мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү демилгеси көтөрүлүүдө. Депутаттардын сунушу менен «Абаны булгоонун булактары” боюнча аналитикалык изилдөө жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында, экологияга унаалардан чыккан түтүндүн зыяны чоң экени белгилүү болгон.

Мындан улам, эл өкүлдөрү абаны тазалап чыгарган жабдыктарга, электромобиль, газ менен иштегендерге жеңилдик берүү, алар өлкө аймагына киргизилип жатканда бажы төлөмүн азайтуу боюнча сунуштарын даярдашууда. Андан сырткары, бак-дарактарды өстүрүү, көмүр менен иштөөнү азайтуу керек дешет.

Алсак, стандартка жооп бербеген мештер кара отунду толук күйгүзбөй, түтүндү көп чыгарып, абаны булгайт экен. Чынында эле экологдордун изилдөөсүндө, күн сууктаганда абанын булганышы нормадан 8 эсеге чейин жогору болоору аныкталган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.