Элет эли Өмүрбек Бабановду күтөт (видео)

667

Ысык-Көл областынын тургундары Өмүрбек Бабановго карата козголгон жасалма кылмыш ишин жабууну талап кылышууда. Каракол шаарынын жана Жети-Өгүз, Ак-Суу, Түп райондорунун тургундары маалымат жыйын өткөрүшүп, Өмүрбек Бабановдун иши боюнча өз пикирлерин билдиришти.

Жергиликтүү жашоочулар анын премьер-министр кезинде өлкө үчүн жасаган иштерине саресеп салышып, Бабанов баштаган реформалардын азыр пайдасы тийип жатканын айтышты. Андыктан мындай адамды Кыргызстан үчүн иштетип, пайдалануу керек, дешет көлдүктөр.