Элге жардам берем деген пенсионер колдоого муктаж (видео)

1363

Жазгы талаа иштери жакындаган сайын санаасы санга бөлүнгөн тракторист пенсионер. Турусбек Дуйшеев бир топ жылдан бери ар кайсы тетиктерди чогултуп, андан айыл чарба транспортун курап келет. Бирок каражаттын жетишсиздигинен иши аягына чыкпай турат. Айтымында, 6 жыл мурда инсульт алып, бир капталы жакшы иштебей калган.

Бирок ага карабастан керелден-кечке техниканын ар бир бурамасынан бери чыгарып, чачып кайра жыйнап жаны тынбайт. Күн жылып, талаа иштери башталганга чейин эксплуатациялык мөөнөтү эчак эле бүткөн транспортту ишке киргизип алсам деген үмүттө.