Elite House: Уруксат документтери жайында (видео)

687

Салынып жаткан үйлөрдүн курулушу улантылат. Турак-жайлар буздурулат деп кооптонууга негиз жок. Ордо калаанын түштүк бөлүгүндө, «Элит Хаус» курулуш компаниясына таандык 2 көп кабаттуу үйгө уруксат берилди. Буга чейин Бишкектин райондор аралык сотунда экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын арызы каралып, 2 турак-жайды бузуу чечими кабыл алынган.

Бирок бул 2 үй боюнча «Элит Хаус» компаниясы мамлекеттик экспертизанын корутундусун алды. Андыктан батир ээлерине белгиленген мөөнөттө ачкычтар берилет деп убадаланууда.