Эмделбеген студенттер сабактарга киргизилбейби? (видео)

2058

Айрым жогорку окуу жайларында студенттерди Ковид-19 инфекциясына каршы вакцина алууга мажбурлап жатышат. Мындай маалыматтар социалдык тармактарда тарап, ага бир топ ата-энелер нааразычылыктарын билдирүүдө. Ошол эле убакта, кээ бир билим берүү мекемелеринде эмделбегендер сабактарга киргизилбей жатканы да айтылууда.

Тиешелүү министрлик болсо мындайга жол берилбеши керек деди. Себеби өлкөдө эч ким вакцина алууга мажбурланбайт. Саламаттыкты сактоо министрлигинин талабы боюнча 18 жаштан жогорку курактагы адамдар өз эрки менен гана коронавируска каршы эмдөө ала алышат.