Эмгеги сиңген, бирок унутта калган инсандар (видео)

1046

Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевге «Кыргыз Эл Баатыры» наамын ыйгаруу сунушталып жатат. Бул демилгени бир катар коомдук ишмерлер көтөрүп чыгышты. Таанымал кино чеберинин Кыргызстандын маданиятына сиңирген эмгеги чоң, деп айтылат кайрылууда.

Дүйнөгө «Кыргыз керемети» деп таанылган чыгармаларды жараткан режиссерлордон, азыр Шамшиев менен Геннадий Базаров гана калды. Бул залкар ишмерлердин бири Болот Шамшиев жакында карактоого кабылып, анын жалгыз автоунаасын белгисиз кылмышкерлер уурдап кетип, өрттөп салышкан.