Эмгеги сиңген инсандар сыйланат (видео)

2600

Кийинки жумада бир катар кызматкерлерге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылганы турат. 4 адам 3-даражадагы «Манас» ордени менен сыйланса, 13 кишиге «Даңк» ордени ыйгарылат. Мамлекеттик сыйлыкка татыгандардын ичинде белгилүү сүрөтчү-фотограф Александр Фёдоров менен киноактер, эл артисти Табылды Актанов дагы бар. Александр Фёдоровго «Даңк» медалы, Табылды Актановго 3-даражадагы «Манас» ордени ыйгарылат.