Эми добуштар терминалдар аркылуу сатыла баштайбы? (видео)

1723

Добуш сатып алуунун жаңы заманбап техникалык жолдоруна бөгөт коюу аракеттери башталды. Финансылык чалгындоо кызматы электрондук капчык жана төлөм терминалдары аркылуу шайлоочунун добушун сатып алууну көзөмөлдөөнү колго алды. Мекеменин өкүлдөрү иш-чара Улуттук банк жана башка коммерциялык банктар менен биргеликте ишке ашарын билдирүүдө.

Ага ылайык, комбанктар күмөндүү деп саналган акча которуулар жөнүндө маалыматты мамлекеттик кызматка кабарлап турат. Ошондой эле, белгилүү бир убакта бирдей суммада жеке тараптарга которулган каражат шек жаратып, анын үстүнөн мониторинг жасалат. Өзгөчө шайлоого жакын калган күндөрү мындай финансылык операциялар тыкыр көзөмөлгө алынат экен.