Эми кайсы прокуратура кызматкери кармалат? (видео)

942

Прокуратура кызматкери Улан Чалбаев ири өлчөмдөгү параны абройлуу эл аралык фонддон талап кылганы айтылууда. Айрым маалымат булактары бул боюнча жаңы жагдайларды жазып, Чалбаев «Ага Хан» фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдон сатып алган жерин камактан чыгаруу үчүн акча опузалашы мүмкүн экенин кыйыткан. Депутаттардын айтымында, бул иш боюнча прокуратура органындагы дагы бир топ жогорку кызматтагылар жоопкерчиликке тартылышы ыктымал. Себеби Чалбаев мынча ири өлчөмдөгү параны үстүндө тургандардын макулдугусуз ала албайт болчу дешет. Ал эми кызматка жаңы эле киришкен УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов бул ишти өз көзөмөлүнө алганын билдирди.