Эми коронавирусту 14 күн эмес, 5 сааттан кийин аныктаса болот (видео)

846

Коронавируска шектелгендер Россиядан атайын алынып келген реагенттин жардамы менен ыкчам текшерүүдөн өтө башташты. Пайдаланылуучу химиялык каражат жаңы типтеги вирусту 5 сааттын ичинде эле аныктайт. Тактап айтканда, эми адамдын жаңы типтеги вируска чалдыкканын же таза экенин мурдагыдай болуп 14 күнгө чейин күтпөй эле койсо болот экен.

Жаңы реагенттердин жардамы менен соңку күндөрү чет мамлекеттерден келген 72 адамдын анализи текшерилген. Бардыгынын организми таза чыккан. Ал арада Кыргызстандын дарыгерлери россиялык кесиптештеринен дагы кошумча химикаттар менен камсыздоону суранууну ниеттенишүүдө.