Эми кызматкерлерди кыскартуу кезеги министрликтерге жетет (видео)

2763

Мамлекеттик кызматкерлердин саны 12-13 пайызга кыскартылды. Мындай маалымат менен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бөлүштү. Мындан өлкө бюджети канча каражат үнөмдөп калганы эсептелип бүтө элек. Айтымында, Президенттик администрацияда жана өкмөттө оптималдаштыруу иши аягына чыкты.

Кийинки кезек — министрликтерде. Кыскартуунун жүрүшүндө көп жылдардан бери бир мекемеде иштеп жүргөндөрдү ордунда сактап калууга аракет жасалат экен. «Мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнүндө» президенттин жарлыгын жүзөгө ашыруунун экинчи этабы качан башталат?