Эми министрлерге үй алып беребизби? (видео)

2616

Президент Садыр Жапаров «Министрлер кабинети» жөнүндө конституциялык мыйзамга кол койду. Аталган документ аткаруу бийлигинин иштоо тартибин, министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн укуктарын, милдеттерин, жоопкерчиликтерин жана кепилдиктерин жөнгө салат. Мыйзам кол коюлгандан тарта күчүнө кирет.

Ал арада министрлер кабинетинин курамы өзгөрө турганы айтылууда. Айрым маалыматтарга караганда, Улугбек Мариповдун ордуна азыркы орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров барышы мүмкүн. Бирок аткаминер өзү муну ырастаган жок.