Эми тергөө абагындагылар чыгарыла баштайбы? (видео)

2235

Бир жылдан ашык тергөө камагында жаткан шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы өзгөртүлүп же өлкөдөн чыгып кетпөө тилкаты менен бошотулушу керек. Дал ушундай өзгөртүүлөрдү камтыган Кылмыш-проссесуалдык кодекси 3 күн мурда күчүнө кирди.

Ага ылайык, эми ар кандай кылмыштарга айыпталгандарды тергөө абагында бир жылдан ашык кармоого жол берилбейт. Учурда өз өкүмүн күтүп тергөө абактарында ондогон шектүү отурганы белгилүү болду. Ал арада, Жазаларды аткаруу кызматы бул боюнча билдирүүнү Башкы прокуратурага жөнөтүптүр.