Эмил Кайкиев ЕЭКтин энергетика министри болуп дайындалды

888

Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Эмил Кайкиев Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура министри болуп дайындалды. Мындай чечим аталган биримдикке кирген мүчө өлкөлөрдүн жетекчилеринин макулдугу менен кабыл алынган.

ЭЕКтин маалымат кызматы билдиргендей, жаңы министр Евразия экономикалык комиссиясында Кыргызстандын атынан иштеп, ал кечээтен тарта өзүнүн милдеттерине киришкен.

Белгилей кетчү нерсе, аталган комиссиянын коллегиясында 10 мүчө болуп, ар бир өлкөдөн 2ден өкүл шайланат.

Эске салсак, Эмил Кайкиев 2015-жылдан бери тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеп келген.