Эмилбек Каптагаев: “300 миңдей добуш сатылышы мүмкүн” (видео)

830

Ошентип жетимиштен ашык депутат онго чукул чоң кызматтагы аткаминерлер шайлоого аттанган 1912 талапкердин катарын толукташты. Партиялардын тизмесин карап көрсөк, 600гө чукул ишкер кандидат болуп катталыптыр. Бул расмий белгиленгени. Мындай караганда, талапкерлердин ар бир экинчиси бизнесмен. Алдыдагы шайлоодо административдик ресурс колдонуудан тышкары, капчыктуулардын кармашы чоң роль ойногону турат.

Марадан канчалык аз партия өтсө, ошончолук көп мандатка ээ болуу мүмкүнчүлүгү бар болгондуктан азыр атаандаштарын жарыштан четтетүү оюндары дагы болуп кетиши мүмкүн. Парламенттик шайлоодо кандай тобокелчиликтер бар, канча партиянын ортосунда чыныгы саясий күрөш жүрүшү мүмкүн, тандоо таза болобу же акча роль ойноп кетеби?