Эмилбек Каптагаев Садыр Жапаровдун иши боюнча башкы прокурорго кайрылды

686

Ысык-Көл областынын мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаев камактагы Садыр Жапаровдун иши боюнча башкы прокурорго ачык кат жазды. Ал өзүнүн кайрылуусун «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялап, анда Каптагаев өзүн барымтага алуу боюнча Садыр Жапаровдун катышын тастыктаган бир да күбө болбогонун жана эч кандай дооматы жок экенин билдирген.

Ошондой эле кайрылуусунда, Жапаров Кенжебек Жумабаев аттуу адамдын көрсөтмөсүнүн негизинде абакка кесилгенин, Жумабаев болсо — жалган көрсөтмө бергени боюнча видео кайрылуу жасаганын белгилеген. Аталган Жумабаев бул иш боюнча күнөөлүү деп табылып, 8 жылга соттолуп, бирок учурда эркиндикте жүргөнү да айтылган. Буга байланыштуу Садыр Жапаровго козголгон кылмыш ишин кайрадан карап, Кенжебек Жумабаевдин ролу боюнча кошумча тергөө жүргүзүүнү суранган. Ошондой эле ал, бул ишти тергеген тергөөчүлөрдүн жоопкерчилигин кароо керектигин айткан.

Саясатчы Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын мартында камакка алынып, 11 жыл, 6 айга кесилген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.