Эмкананын имаратында билим алган мектеп окуучулары (видео)

756

Жаңы окуу жылында мектеп босогосун эмес, эмкана имаратынын эшигин аттаган мектеп окуучулары. Чүй областынын Калыгул айылындагы мектептин эскилиги жетип, учурда ал жараксыз абалга кептелип калган. Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан мектептеги окуу процессин токтотуу чечими чыгарылып, балдардын алгачкы билим күнү аймактык эмканада өттү.

Жарактан чыккан мектепте 150дөн ашуун бала билим алат. Эми бир эмес Бурана жана Калыгул айылдарынын эли жаңы окуу имаратына муктаж. Учурда өлкө аймагы боюнча 17 билим берүүчү мекеме авариялык абалда.