Эмне себептен Кыргызстан Казакстанга кошумча суу берген? (видео)

1824

Энергетика министри Токтогул суу сактагычынан Казакстанга кошумча суу агызылганы боюнча түшүндүрмө берди. Доскул Бекмурзаевдин айтымында, бул эки өлкөнүн ортосундагы келишимдин негизинде ишке ашырылган. Кошуна мамлекет жазында жана күзүндө электр энергиясы менен бөлүшсө, кыргыз тарап аны 3 жылдын ичинде бөлүп кайтарат.

Анын бир бөлүгүн Кыргызстан жайында берген. Аны өндүрүү үчүн ошол эле Токтогул ГЭСине топтолгон суу коротулуп, суусу кошо кошуналарга агызылган. Башка жолу жок, — дейт энергетика министри Доскул Бекмурзаев. Эмне себептен Кыргызстан кошуна өлкөдөн электр жарыгын алып, бирок кайра суусун кошуп кайтарууда?