Эмне үчүн ишкерлер сыртка качууда (видео)

991

Акыркы убакта Кыргызстандан капиталдарын чыгарып кеткен чоң ишкерлердин саны өсүүдө. Бул маалыматты өкмөттүн инвестицияны илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинен тастыкташты. Инвесторлор жыл башынан бери 273 миллион долларды чет өлкөгө которушкан. Бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 15,5 пайызга көп дегенди билдирет.

Кыргызстандан капитал эң көп чыгарылып кеткен тармактардын сап башында — кесиптик-техникалык, илимий тармак турат экен. Бул жаатта иштегендер быйыл сыртка 128 миллион доллар которгон. Бизнес өкүлдөрү муну эмне менен түшүндүрүшүүдө?