Эмне үчүн милиция кол салгандарды бошотуп жиберди? (видео)

576

Бишкектин чок ортосунда “Лексус” жол тандабасын тартып алууну көздөгөндөр куралчан болушкан. Бул тууралуу машинанын ээси билдирди. Айтымында, 7-июнь күнү белгисиз адамдар анын айдоочусу менен анын кол алдында эмгектенген кызматкерин сабап, курал менен коркутуп, унааны тартып алууга аракет жасашкан.

Кол салгандарды милиция ошол жерден кармаганы менен бат эле бошотуп жиберишкен. Шектүүлөр унаа УКМКнын кылмыш ишинде өтүп жатканын жана Октябрь районунда соттук териштирүүдө экенин белгилешкен.