Эмне үчүн үгүтчүлөр паспорттордун көчүрмөлөрүн чогултушууда? (видео)

724

Эмне үчүн үгүтчүлөр үймө-үй кыдырып, паспорттордун көчүрмөлөрүн же идентификациялык номурларды чогултулуп жатышат? Дал ушундай суроо менен Мамлекеттик каттоо кызматына жүздөгөн адам кайрылган. Өзгөчө студенттер окуу жайларда паспорттордун көчүрмөлөрү чогултулуп жатканын айтышкан. Буга Мамкаттоо кызматы жооп кылып, жеке маалыматтарды бербегиле деген эскертүү таратты. Ошол эле убакта, мындай жол менен добуш берүү күнү ыплас ыкмалар колдонулушу мүмкүн деген кооптонуулар бар.