Эң көп коррупциялашкан мамлекеттик кызмат кайсы? (видео)

734

Кыргызстанда кайсы мамлекеттик орган эң көп коррупциялашкан? Бул боюнча Башкы прокуратура, Улуттук статистикалык комитети жана «Трансперенси Интернэшнл» эл аралык уюмунун маалыматтары эки ача чыгууда. Улуттук статистикалык комитет жемкорлукка малынганы боюнча биринчи орунда Бажы кызматы турат десе, Башкы прокуратура пара алган жагынан Ички иштер министрлиги алдыга эч кимди салбайт деп көрсөткөн.

Ал эми «Трансперенси Интернэшнл» эл аралык уюму жүргүзгөн сурамжылоонун натыйжасында пара талап кылган мамлекеттик органдардын тизмесине укук коргоо органдары, сот системасы менен Билим берүү жана илим министрлиги кирген. Бирок акыркы 2 жылдын ичинде ири суммадагы пара алган жагынан Транспорт жана жолдор министрлиги алдыда.