Эң коррупциялашкан мамлекеттик органдар кайсылар? (видео)

694

Эң коррупциялашкан мамлекеттик мекеме деп кайрадан Бажы кызматы таанылды. Улуттук статистика комитети мамлекеттик органдардын рейтингин жарыялады. Андагы көрсөткүчтөр калк арасында сурамжылоо жүргүзүү аркылуу аныкталган. Бул сапар жемкорлошкон мекемелердин сап башына Транспорт жана жолдор министрлиги да кирди. Былтыр бул министрликтин жетекчилеринин бири ири пара менен кармалган болчу.

Мамлекеттик мекемелердеги коррупциялык схемалар өлкөдөгү бизнес чөйрөсүнүн бутуна туруп кетүүсүнө өтө чоң тоскоол болууда, дешет эксперттер. Жемкорлукту азайтуу үчүн бизнес менен мамлекеттик органдардын түздөн-түз иш алып баруусун азайтуу зарыл деген пикирлер арбын.