Эң мыкты көк бөрүчүлөр Көчмөндөр оюндарына катышат (видео)

969

Бишкектеги “Аккула” ат майданында көк бөрү оюну боюнча тандоо турлары уланууда. Жалпысынан өлкө аймактарынан келген 16 команда ат салышып жатат. Тайпалар арасында күч сыноо үч айлампа менен жүргүзүлөт. Көк бөрүнүн финалдык беттеши 21-март күнү болот. Бүгүн түшкө чейин Ош менен Нарын командалары улак тартышып, Достук тайпасы жеңип кетти. Улуттук оюндар Нооруз майрамына карата уюштурулууда. Таймаштын соңунда мыкты көк бөрүчүлөр тандалып, үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына катышат.