Эң мыкты кооздолгон транспорттун айдоочуларына сыйлык тапшырылат

811

Бишкекте коомдук транспортту эң креативдүү кооздогон айдоочулар арасында сынак жарыяланды. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

Эң мыкты кооздолгон үч автобус жана троллейбустун айдоочулары акчалай сыйлыкка ээ болот. Эмгектерди ишкана өкүлдөрүнөн турган калыстар коопсуздук, ыңгайлуулук жана шаардыктардын ой-пикирин эске алуу менен тандайт.

Ушул тапта «Тазалык» ишканасы дагы таштанды чыгарган 15 техникасын кооздоп койду.

Эске салсак, буга чейин Бишкек мэриясы шаардыктар арасында жаңы жылга карата жасалгаланган эң кооз район, конуш жана имарат боюнча сынак жарыялаган. Конкурста жети номинация болуп, эң мыктылар 100 миң сомго чейин байге алышат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.