“Эне тил жана Айтматов» — мамлекеттик тилдин үч айлыгы жарыяланды

2295

Президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеевди кабыл алды. Мамлекет башчы Улуттук тил комиссиясынын түзүлгөндүгүнүн 20 жылдык юбилейи менен куттуктады.

Өз кезегинде Улуттук тил комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев өлкөдө тил саясатын өркүндөтүү багытында аткарылып жаткан иштер тууралуу жана 2015-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук программанын аткарылышы боюнча маалымат берди.

Бүгүнкү күндө республика боюнча «Кыргыз тесттен» жалпысынан 15 миңден ашуун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер өткөндүгүн белгиледи. Алыскы региондордогу кызматкерлер тесттен өтүү үчүн атайын көчмө станциялардагы өз ишин улантып жатканын кошумчалады.

Улуттук тил комиссиясы сентябрь айында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына байланыштуу «Эне тил жана Айтматов» аталышта мамлекеттик тилдин 3 айлыгын жарыялагандыгын билдирди. Мамлекет башчысы бул иш-чараны колдой тургандыгын баса белгиледи.