Энелер күнүн карылар үйүндө тоскон апалар (видео)

665

НТС телеканалы Энелер күнүнө карата апалар тууралуу сюжеттердин түрмөгүн улантат. Бүгүнкү каармандар бактылуу карылыктын доорун балдарынын төрүндө эмес, карылар үйүндө өткөрүп жаткандар.

200гө жакын ата-апалар баш калкалаган Бишкек шаарындагы интернатта учурда 90го жакын аял күн кечиришет. Алар күн сайын уул-кыздарын күтүп, качандыр бир убакта балдары алып кетээрине үмүттөнүшөт.