Энергетикадагы чектөө: 2 бөлмөгө тыгылып жашаган 22 адам (видео)

1645

Кир жуучу машина иштеткенде, чай кайнатпай тур же муздаткычты өчүр. Жарыкты үнөмдөө максатында “Түндүк электр” ишканасы «акылдуу эсептегич» коюлган абоненттерге чектөө киргизди. Эми керектөөчүлөр 5 киловаттан 10 киловатка чейин электр жарыгын эсептеп колдонуусу зарыл. Болбосо электр энергиясынын кубаты жетпей, эсептегич автоматтык түрдө өчүрүлөт.

Мындай чектөө Токтогул гидроэлектрстанциясындагы суунун көлөмү көбөйгөндүктөн кийин алынышы мүмкүн, — дешет мекеменин өкүлдөрү. Учурда аталган ГЭСте 12 миллиард метр кубга жетпеген суу бар жана бул акыркы жылдардагы эң төмөнкү көрсөткүч.