Энергетикадагы Өкмөт менен Парламенттин тиреши (видео)

800

Электр энергиясын керектөөчүлөр үчүн күндүз жогору, кечкисин төмөн тариф колдонуу керек. Мындай сунуш парламентте айтылды. Жогорку Кеңеште электр энергетикасы жөнүндө мыйзам каралып, бирок депутаттар документке эмес, тармактагы абалга көбүрөөк токтолушту. Эл өкүлдөрүнүн айтымында, элге электр жарыгын саткан ортомчу компаниялар Союз учурунда курулган зым карагайларды пайдаланып, өздөрү эч нерсе салган жок. Аларды линия курууга милдеттендирүү керек, дешет депутаттар.