Энергетикага бөлүнгөн 1,6 млрд доллар кимдин чөнтөгүнө түштү? (видео)

1089

«Электр станциялары» ишканасындагы коррупциялык иштер тууралуу айтып чыккан эксперт Расул Умбеталиев сотто жеңип алды. Муну менен фемида өкүлдөрү тармакты жемкорлошкон деп тапкандай. Расул Умбеталиев Кыргызстандагы ГЭСтерди оңдоо үчүн өткөрүлгөн тендерде коррупциялык схемалар бар экенин айтып чыккан. Чет өлкөлүк компания талаптарга жооп бербегендиктен сынактан четтетилгенине карабай, ГЭСТерди оңдоо үчүн дал ошол фирма менен келишим түзүлгөн, дейт эксперт. Муну четке каккан ишкана Умбеталиевдин үстүнөн арыз жазып, 1 миллион сом өндүрүүнү көздөгөн. Бирок жакында эле «Электр станциялары» ишканасынын жетекчилеринин биринин-артынан экинчисинин камакка алынышы эксперттин сөзүн далилдегендей болду.