Энергетикалык кризис: тигүүчүлөр ишсиз калууда (видео)

1872

Металл ээритүүчү чакан ишкананын 50дөй кызматкери өкмөт үйүнүн алдына нааразычылык акциясына чыгышты. Айтымдарында, алар иштеген жайда электр энергиясы эскертүүсүз өчүрүлүп жаткандыктан, иш үзгүлтүккө учуроодо.

Маселе тез арада чечилбесе, таптакыр ишсиз отуруп калуу коркунучу бар, — дешет алар. Ошол эле убакта Бишкек шаарындагы бир катар тигүү цехтеринде дагы иш токтоп жатканы белгилүү болду. Аны иштеткендердин айтымында, электр энергияга болгон лимиттен улам жабылууга аргасыз болушкан.