Энергетикалык суусундуктарга сатууга тыюу салынабы? (видео)

605

Жогорку Кеңеште энергетикалык суусундуктарга сатууга тыюу салуу боюнча демилге көтөрүлдү. Эл өкүлдөрүнүн айтымында, бул өсүп келе жаткан муундун саламаттагына кам көрүү. Себеби курамында алькоголу жок деп оңду-солду сатылган бул ичимдикти окуучулардын арасында ичкендер көбөйгөн.

Адистер болсо, анын курамында ден-соолукка өтө зыян синтетикалык кошулмалар бар экенин айтышууда. Ошол эле убакта, мектептерге жакын жайгашкан дүкөндөрдө тамеки, арак сатууга тыюу салынганы менен, ал талаптар аткарылбай келет.